Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:02

Орусия менен Франциянын президенттери жолугууда


Путин жана Макрон сүйлөшүүлөрдүн башталышында. 29-май, 2017-жыл.
Путин жана Макрон сүйлөшүүлөрдүн башталышында. 29-май, 2017-жыл.

Эммануэл Макрон менен Владимир Путиндин алгачкы кездешүүсү Париждин сыртындагы Версаль сарайында өтүп жатат.

Бүгүнкү сүйлөшүүлөр мамилеси бузулган эки өлкөнүн болочок кызматташтыгынын маанайын аныкташы мүмкүн.

Макрондун айтымында, "Орусия менен сүйлөшүү зарыл. Анткени бир катар эл аралык маселелер алар менен катаал диалогсуз чечилбейт”.

Франциянын жаңы президенти ошондой эле Путин менен сүйлөшүүлөрдө “талап кылуучу” болорун да билдирген.

Орус жана француз президенттеринин жолугушуусу алдында "Чоң жетинин" өлкөлөрү Италиядагы саммитинде эгер Украинадагы кырдаал өзгөрбөсө, Москвага каршы жаңы чараларды карап көрүүнү макулдашты.

Орусиянын Украинадагы аракеттери, Сирия президенти Башар Асадды колдоосу, Франциянын жакындагы президенттик шайлоосуна ыктымал кийлигишүүсү бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн күн тартибиндеги татаал маселелердин катарында турат. "Менимче бир нече жылдан бери топтолуп калган ишенбөөчүлүктөн арыла баштоо абдан маанилүү", - деди Орусиянын Франциядагы элчиси Александр Орлов француз радиосу менен маегинде.

Буга чейин Путиндин Францияга иш сапары былтыр октябрда токтотулган болчу. Анда Франциянын ошол кездеги президенти Франсуа Олланд Орусия лидери менен Сирия маселесин гана сүйлөшөрүн билдирген. (UE)

XS
SM
MD
LG