Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:40

Жээнбеков Дүйнөлүк банкты "Таза коомду" каржылоого чакырды


Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 29-майда Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Лилия Бурунчук менен жолугушту. Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, анда биргелешкен кызматташтыктын азыркы абалы жана келечеги талкууланды.

Жээнбеков кыргыз өкмөтү 2040-жылга чейинки өнүгүү стратегиясынын долбоорун иштеп жатканын, анын негизинде 2018-2020-жылдарга карата орто мөөнөттүү өнүктүрүү программасына даярдыктар көрүлөрүн билдирди.

Бүткүл дүйнөлүк банкты бул стратегияны иштеп чыгууга жана техникалык колдоо мүмкүнчүлүктөрүн кароого, өлкөнү өнүктүрүүнүн орто жана узак мөөнөттүү программасында камтылган долбоорлорду каржылоого жигердүү катышууга чакырды.

Мындан тышкары «Таза Коом» долбоорунун негизги өзөгү - Digital CASA долбоору үчүн Дүйнөлүк банк тарабынан каралган каражатты көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады. Лилия Бурунчук «Таза Коом» долбоорунун алкагындагы иш-чараларды каржылоону кеңейтүү мүмкүнчүлүгү сөзсүз караларын айтты.

Президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков мамлекетти жогорку технология аркылуу өнүктүрүүнү караган "Таза коом" улуттук долбоорун апрелдин башында жарыялаган. Бул долбоор 2040-жылга чейинки туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегиянын бир бөлүгү экени маалымдалган. (NT)

XS
SM
MD
LG