Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:21

Усманов Навальный менен айтышы үчүн сыйлык жарыялады


Орусиялык ишкер жана олигарх Алишер Усманов 29-майда “В Контакте” социалдык түйүнүндөгү баракчасында жарыялагандай, ал оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный менен интернеттеги кайым айтышы боюнча чыгармачылык сынак жарыялайт.

Бул темада карикатура тартып, пародия жазып, видеоролик тарткандарды жума сайын өзү тандап, аларга сыйлык иретинде iPhone 7Plus уюлдук телефонун ыйгармакчы.

Навальныйдын Антикоррупциялык кору быйыл 2-марта Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведевге таандык делген кымбат баалуу кыймылсыз мүлк боюнча атайын иликтөөсүн чыгарган.

Мына ошол фильмде Усманов Медведевге байланыштуу кайрымдуулук коруна хан сарай белек кылганы айтылган.

Муну "жалаа жабуу" деп санаган Усманов Навальныйды сотко берген. Алгачкы отурум 30-майда өткөнү турат.

17-майдан бери Орусиянын эң бай адамдарынын бири, Кремлге жакын Алишер Усманов менен 2018-жылкы президенттик шайлоого катышарын жарыялаган оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын ортосунда интернетте кайым айтышуу жүрүүдө.

Эки жолку видео кайрылуусунда Усманов Навальныйды ар кандай сөздөр менен айыптап, сындаган. Өз кезегинде Навальный да Усмановго жооп кайтарды. (UE)

XS
SM
MD
LG