Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:34

Москвада катуу шамалдан өлгөндөрдүн саны 11ге жетти


Бул тууралуу ТАСС агенттиги Москва шаарынын жана облусунун чукул кырдаалдар боюнча мекемелерине шилтеме жасап кабарлады.

Каза тапкандардын кеминде төртөөнү ылдамдыгы секундасына 28 метрге чейин жеткен шамал кулаткан дарактар басып калган.

Москванын мэри Сергей Собяниндин айтымында, катуу шамалдан улам дагы 50 чакты киши жаракат алды.

Электр зымдары үзүлгөндүктөн Москва облусунун аймагында кеминде 7 миңден ашуун адам электр жарыгысыз калган.

Шамал шаардын транспорт системасына да таасирин тийгизип, поезд каттамдары убактылуу токтотулду. (UE)

XS
SM
MD
LG