Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:16

"Таза коом" долбоору боюнча эл аралык жыйын өтөт


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү кабарлагандай, Бишкектеги эл аралык жыйын “Таза Коом. Глобалдык тенденциялар жана кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү" деп аталат.

Иш-чара алкагында "Таза коом" программасынын ачылышы болот. Ошондой эле EXPO көргөзмөсү ачылат.

Иш-чарага премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков, Дүйнөлүк банктын Борбор Азиядагы директору Лилия Бурунчук, Түштүк Корея, Сингапур, Молдова, Орусиянын жана башка эл аралык уюмдардын, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, өнөктөштөрдүн өкүлдөрү чакырылган.

Президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков мамлекетти жогорку технология аркылуу өнүктүрүүнү караган "Таза коом" улуттук долбоорун апрелдин башында жарыялаган. Бул долбоор 2040-жылга чейинки туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегиянын бир бөлүгү экени маалымдалган. (NT)

XS
SM
MD
LG