Жогорку Cоттун алдындагы сот адилеттигинин жогорку мектеби Европа Биримдигинин «Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү» долбоорунун алкагында Ош шаарында судьяларга жүрүм-турум эрежелери, кызматтык этика жана деонтология боюнча семинар өтүүдө.
Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти. Эки күндүк окутуулар 29-майда башталган.
Анда жүрүм-турум эрежелерин колдонуу боюнча Франция жана Кыргызстандын судьялары тажрыйба алмашып жатышат.
Окууга жергиликтүү соттордун 20 судьясы катышууда. (NT)