Линктер

шейшемби, 12-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 22:01

29-май күнү Кыргызстандын аймагында болгон катуу шамалдын кесепетин тактоо иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Чүйдүн Жайыл районунда шамалдын ылдамдыгы секундуна 28 метрге чейин жетип, Кара-Балта шаарында бир катар турак-жайлардын чатырын учурган.

Бишкекте секундуна 21 метрге чейин шамал болуп, Hyatt мейманканасындагы трансформатордун чатыры учуп, бир жеңил унаанын үстүнө түшкөн.

Талас облусунда шамалдын күчү секундуна 25 метрге чейин жеткен. Киши өмүрүнө зыян келген жок. Тактоо иштери уланууда.

Синоптиктер 30-31-май күндөрү да Кыргызстанда туруксуз аба ырайы болорун эскертти. (SE)

XS
SM
MD
LG