Түркмөнстандын Лебап районунда бир айда 50дөн ашык киши “Гүлен кыймылына” тиешеси бар деген шек менен камакка алынды.
Түркмөнстандын укук коргоо органдарындагы аты-жөнү ачык айтылбаган булак атайын кызмат түрк лицейлеринин мурдагы бүтүрүүчүлөрүн жана мугалимдерин кармап кеткенин кабарлаган.
Муну "Азаттык" радиосунун түркмөн кызматына бийликке жакын дагы бир булак ырастап, 23-апрелден бери Лебапта “гүленчилерди” камоо боюнча бир нече рейд жүргөнүн билдирди. Маалыматка караганда, ишкерлер, түркмөн-түрк билим берүү мекемелерине тиешеси бар адамдар бутага алынган.
“Гүленчилерди” камоо башталганы, алардын көбү ишкерлер экени алгач ирет былтыр октябрда маалымдалган. Анда 150дөн ашык киши суракка алынып, кийинчерээк көбү бошотулган. Ондогону узак мөөнөткө эркинен ажыратылган.