Баткендин Кадамжай районундагы Аустан кыштагында катуу жамгырдан улам сел жүрүп, ички чарбалык жолдогу көпүрөнүн жээктерин суу жеп кетти. Нөшөрлүу жаан кечки саат тогузда башталганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.
Чоң-Алай районундагы Ак-Суу дарыясында да суу көбөйүп, жээктин 1500 метр жерин суу жеген. Натыйжада, 45 үйгө, сегиз көпүрөгө, жолго жана айдоо аянттарына коркунуч жаралды. Бүгун жээкти бекемдөөгө техника тартылат.