Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 22:51

Орусиянын Гидрометрборбору Москвада бороон коркунучу 31-майга чейин сакталарын билдирди.

29-май күнү Москвада катуу шамалдан 11 адам каза таап, элүүдөн ашуун киши жараат алган. Күчү секундуна 28 метрге чейин жеткен бороон тууралуу SMS аркылуу алдын ала жарандар эскертилгенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлүнө таянып "Медуза" басылмасы жазды.

Мерт болгондордун көбүн кулаган дарактар басып калган. Электр зымдары үзүлгөндүктөн Москва облусунун аймагында кеминде 7 миңден ашуун адам электр жарыгысыз калган.

Шамал шаардын транспорт системасына да таасирин тийгизип, поезд каттамдары убактылуу токтотулду.

XS
SM
MD
LG