Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 11:17

УКМК Жапаров менен Чудиновдун иши боюнча түшүндүрмө берди


Акылбек Жапаров жана Игорь Чудинов.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Акылбек Жапаров менен Игорь Чудиновго козголгон кылмыш иши боюнча түшүндүрмө берип, алар каржылык көз боёмочулукка туугандарын да аралаштырганын билдирди.

Атайын кызматтын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов "Азаттык" радиосуна билдиргендей, 2009-жылдын 17-июлунда ошол кездеги өкмөт башчы Чудиновдун буйругунун негизинде Каржы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү фонду мыйзам бузуу менен "Машина сыноочу станция" ишканасына айыл чарба иштери үчүн 200 миллион сом насыя бөлгөн. Аталган ишкананын акцияларына Чудиновдун кайненеси, Жапаровдун жубайы жана башка адамдар ээлик кылган. Насыя 2012-жылдын 31-декабрына чейин кайтарылары айтылган.

"Андан кийин Каржы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү фонду эки ирет, 2012-2015-жылдары карыздардын төлөө мөөнөтүн мыйзамыз түрдө узарткан. 2017- жылдын 1-мартына карата "Машина сыноочу станция" ишканасынын мамлекетке карызы 237 миллион 791 миллион сомдон ашты", - деди Рахат Сулайманов.

Соттук экспертиза жогорудагы ишке байланыштуу республикалык бюджеттен 68 миллион 248 миң 50 сом максатсыз коротулганын аныктаган.

Жапаров менен Чудиновдун ишине байланыштуу мурдагы айыл чарба министрлери Таалайбек Айдаралиев менен Чыңгызбек Узакбаевге кине коюлууда.

Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү - Коррупцияга байланыштуу Башкы прокуратура иш козгоп, УКМКга өткөрүп берди.

Игорь Чудинов 2007-жылдын декабрынан 2009-жылдын октябрына чейин өкмөт башчы, Акылбек Жапаров 2009-2010-жылдары вице-премьер-министр болгон. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG