Түркмөнстандын Лебап облусунда бозгунда жүргөн диниятчы Фетхуллах Гүлендин кыймылына катыштыгы бар делген шек менен соңку бир ай ичинде элүүдөн ашуун киши кармалды.
Түркмөнстандын коопсуздук күчтөрүндөгү ишеничтүү булактар "Азаттыктын" түркмөн кызматына билдиришкендей, Астана-Баба шаарында 23-апрелде ири рейд жүргүзүлгөн. Маалым болгондой камалгандардын көбү түрк лицейлеринин бүтүрүүчүлөрү же мугалимдери.
Бул маалыматты өкмөттөгү булактар да ырасташты. Биринчи жолу Түркмөнстандагы "гүленчилерди" кармоо өткөн жылдын октябрь айында башталган. Анда 150дөй киши кармалганы маалым болгон. Бирок көбү тергөө иштеринен кийин бошотулганы, ал эми айрымдары узак убакытка камакта калганы кабарланган.
Түркиянын бийлиги өткөн жылдын жай айларында болгон төңкөрүш аракетинин артында АКШда бозгунда жүргөн диниятчы Фетхуллах Гүленди айыптаса, Гүлен өзү бул дооматтарды четке кагып келет. Мындан улам расмий Анкара Борбор Азия мамлекеттерине кайрылып бул кыймылга тиешеси бар мекеме-уюмдарды жабууга чакырган.