Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:48

Панамада мурдагы диктатор Мануэл Норьега көз жумду


Норьега Панаманы 1983-1989-жылдары башкарган.
Норьега Панаманы 1983-1989-жылдары башкарган.

Панаманын мурдагы диктатору Мануэл Норьега 83 жашында көз жумду. Бул тууралуу Панаманын азыркы президенти Карлос Варела өзүнүн Твиттердеги баракчасы аркылуу 29-майдын кечинде кабарлады.

Варела "Мануэл Норьеганын өлүмү биздин тарыхтын бир бөлүгүн жапты" деп жазды. Норьеганын үй-бүлөсүнө жакын адамдардын бири да бул маалыматты ырастады. "Франс -пресс" агенттиги кабарлагандай жакында анын мээсине операция жасалган.

Норьега Панаманы 1983-1989-жылдары башкарган. 1989-жылы атайын операциянын алкагында америкалык аскерлер тарабынан кулатылып, АКШга чыгарылып кеткен. Ал жактан маңзат соодасына аралашкандыгы үчүн 30 жылга эркинен ажыратылган. 2008-жылы мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, Францияга экстрадицияланган. Андан соң Панамага которулуп, бийликте турган маалында саясий каршылаштарынын өлүмү жана коррупция үчүн айыпталып, өмүрүн аягына чейин абакта отурду.

XS
SM
MD
LG