Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:23

Орусиядагы кыргыз элчилиги бороонго байланыштуу эскертүү жасады


Москвадагы катуу шамалда каза болгондор арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлү Гүлбарчын Байымбетова "Азаттык" радиосуна билдирди. Учурда жабыркагандардын ичинде кыргыз жарандарынын бар-жогу такталууда.

Синоптиктер Москвада бороон коркунучу 31-майга чейин сакталарын эскерткен. Мындан улам, элчилик жарандарга кайрылып, дарактар көп жерлерге барбоого, зарыл болбосо көчөгө чыкпоого чакырат.

29-май күнү Москвада катуу шамалдан соңку маалыматтарга ылайык, 16 адам каза таап, ондогон киши жараат алган. Мерт кеткендердин көбүн кулаган дарактар басып калган. Электр зымдары үзүлгөндүктөн Москва облусунун аймагында кеминде 7 миңден ашуун үйдө жарык өчкөн. Жүздөн ашуун кабаттуу үйлөр, автоунаалар зыянга учураган.

Ооруканада 108 адам бар, анын 22си балдар экенин "Азаттыктын" орус кызматы кабарлады.

Шамал шаардын транспорт системасына да таасирин тийгизип, поезд каттамдары убактылуу токтотулду. Бийлик жарандарга шамал тууралуу алдын ала СМС менен эскертүү берилгенин билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG