Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:44

Сот Усмановдун Навальныйга каршы жазган арызын карай баштады


Миллиардер Алишер Усманов жана оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный.
Миллиардер Алишер Усманов жана оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный.

Москванын Люблинский райондук соту шейшембиде миллиардер Алишер Усмановдун оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйга каршы жазган арызын карай баштады.

2-мартта Коррупцияга каршы күрөшүү фонду жарыялаган документалдык тасмада орус премьер-министри Дмитрий Медведевге таандык деп, бир топ мүлктөр жарыяланган. Анын ичинде Орусия аймагындагы хансарайлар, яхталар, Италиядагы гектарлаган аянтты ээлеген жүзүмзар, вилла мисал келтирилген.

Ошондой эле хансарайлардын бирин Медведевге Өзбекстанда туулган орусиялык чириген бай Усманов белек кылганы, бул коррупция экени айтылган.

Тасма жарык көргөн соң миллиардер Алишер Усманов Навальный жана анын фондун сотко берген.

Навальныйдын адвокаттары бул иш боюнча күбө катары сотко орус өкмөтүнүн башчысы Дмитрий Медведевдин чакырылышын талап кылышты. Адвокат Иван Жданов Усмановдун сотко кайрылуусуна миллиардердин премьер-министрдин санаалашы Илья Елисеев башында турган "Соцгорпроект" фондуна жер тилкесин берди деген сюжет түрткү болгон.

Судья эки тараптын адвокаттарынын өтүнүчүнө карабай сот залында видео тартууга тыюу салды. Сотко Алексей Навальный өзү келсе, Усмановдун атынан анын адвокаты Генрих Падва келди.

XS
SM
MD
LG