Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:54

Прагада сот орусиялык хакерди экстрадициялоо маселесин карайт


Евгений Никулин 2016-жылы Прагада кармалган.
Евгений Никулин 2016-жылы Прагада кармалган.

АКШда америкалык компаниялардын компьютерлерине киберчабуул жасады делген айып менен кармалган Орусиянын жаранын Кошмо Штаттарга экстрадициялоо боюнча ишти 30-майда Прагадагы сот карайт. Москва анын Орусияга экстрадициялоону суранган.
Евгений Никулин өткөн жылдын октябрь айында чех полициясы менен ФБРдин биргелешип өткөргөн операциясынын алкагында кармалган. 11-майга белгиленген алгачкы соттук угуулар адвокаттардын суранычы менен жылдырылган.

Орусиялык хакер LinkedIn, Dropbox жана башка компаниялардын маалыматтарын уурдагандыгы боюнча айыпталууда. Анын адвокаттары ФБР Никулинге 2016-жылдагы Демократиялык партиянын электрондук почталарына жасалган киберчабуул үчүн жоопкерчиликти мойнуна алдырууну көздөгөнүн жүйө кылышууда. Орусия болсо 2009-жылы ачылган кылмыш иши боюнча анын Москвага экстрадицияланышын талап кылып келет.

XS
SM
MD
LG