Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:32

Багдаддагы кош жардырууда мүрт кеткендердин саны 27ге жетти


Ирактын баш калаасы Багдадда уюштурулган кош жардырууда өлгөндөрдүн саны 27ге жетип, жарадарлардын саны 100дөн ашты.

Бул тууралуу шаардын Коопсуздук кызматы жана оорукана өкүлдөрү маалымдашты. Каррада районундагы бал муздак саткан кафенин жанындагы жардыруу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террордук тобу өз мойнуна алды. Анда 16 киши мүрт кетип, ондогон адамдар жарадар болушкан. Экинчи жардыруу үчүн жоопкерчиликти эч бир топ өз мойнуна алган жок.

Ал эми таң эрте Багдаддын негизинен өкмөттүк имараттар жайгашкан бөлүгүндө болгон жардыруу үчүн 11 адам набыт болду. Эки окуяда тең жардыруучу зат автоунаанын ичине коюлган.

Чабуулдар мусулмандар үчүн ыйык деп саналган Орозо айы башталганына бир нече күн болгондо уюштурулду. Орозодо ирактыктардын көбү ооз ачуу жана жабуу үчүн көчөдөгү кафелерде топтолушат.

XS
SM
MD
LG