Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:27

Казакстан: экстремизм жана терроризм үчүн камалгандар көбөйдү


Казакстанда экстремизм жана терроризм беренелери боюнча 2016-жылы 554 киши камалган. Астанадагы жыйында тартылган сүрөт.
Казакстанда экстремизм жана терроризм беренелери боюнча 2016-жылы 554 киши камалган. Астанадагы жыйында тартылган сүрөт.

Казакстанда экстремизм жана терроризмге байланышы бар кылмыштардын саны өсүп жатканын бүгүн Астанада жасаган баяндамасында Борбор Азиядагы Эл аралык абак реформасы (PRI) уюму билдирди. 2014-жылы Казакстанда экстремизм жана терроризм беренелери боюнча 154 киши камалса, 2016-жылы алардын саны 554кө жеткен.

PRI уюму изилдөөнүн алкагында абакта жаткан 200 адамдын арасында сурамжылоо жүргүзүп, терроризм менен экстремизм боюнча камалып жаткандардын жакындары менен сүйлөшүшкөн. PRI уюмунун Борбор Азия боюнча аймактык директору Азамат Шабиловдун айтымында, учурда казак абак-жайларында үч миңден ашуун динзарлар бар. Алардын 763ү салафизм багытын кармангандар. Ал эми 90дон ашуун адам радикал ойлорунан кайтышкан эмес.

- Бул деген 100гө чукул адам өз көз караштарын такыр өзгөртпөгөнүн билдирет. Бирок канча адам мурдагы ойлорунан баш тартканы, туура жолго түшкөнү белгисиз жана бул нерсени аныктоо мүмкүн эмес. Анткени аны баалай турган индикатор жок, - дейт Шабилов.

Ал Казакстандагы радикализмге бөгөт коюуга багытталган мамлекеттик программалар өз эффективдүүлүгүн көрсөтпөгөнүн кошумчалады. Анткени ал программалардын баары диний жана теологиялык иштерди камтыганы менен, шектүүлөр же айыпталуучуларга психологиялык колдоо көрсөтүүнү карабайт.

XS
SM
MD
LG