Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:18

Тамеки өстүрүү айлана-чөйрөгө зыян тийгизет


Кубадагы тамеки талаалары.
Кубадагы тамеки талаалары.

Дүйнөлүк cаламаттык cактоо уюму тамеки өстүрүү айлана-чөйрөгө чоң зыян алып келерин белгилейт. Бул тууралуу тамеки өндүрүү тармагынын зыяны жөнүндө уюмдун 30-майда жарык көргөн баяндамасында жазылган. Уюм белгилегендей, тамеки өстүрүүдө химиялык заттар колдонулуп, суу менен энергия көп талап кылынат.

Баяндамада тамекинин экологиялык зыяны түтүндөн гана тарабастан, аны өндүрүүдөгү калдыктардын чыгышы да айлана-чөйрөгө чоң зыян келтирилери белгиленген.

Баяндама 31-май күнү белгиленчү Дүйнөлүк чылым чегүүгө каршы күрөшүү күнүн утурлай жарыяланды. Жыл сайын Жер жүзүндө жети миллиондой адам тамеки тартуунун кесепетинен келип чыккан оорулардан көз жумат. Тамеки талаалары инсектицид, гербицид жана башка химиялык каражаттарды талап кылат. Тамекини кургатууда көп көлөмдөгү жыгач отун сарпталат.

Соңку эсептерге ылайык, жыл сайын тамеки жалбырактарын кургатуу үчүн 11 миллион 400 миң тонна жыгач жагылат. Бир жылда алты миллиард даана чылым чегилери Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун баяндамасында айтылат.

XS
SM
MD
LG