Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:05

Шри-Ланкада 170 киши табигый кырсыктын курмандыгы болду


Шри-Ланка аралында жүздөн ашык кишинин дайыны чыкпай жатат. 
Шри-Ланка аралында жүздөн ашык кишинин дайыны чыкпай жатат. 

Шри-Ланка аралында сел жана жер көчкүнүн курмандыктары өсүп жатат. Жума күндөн бери уланып жаткан жаратылыш кырсыгы 170тен ашуун адамдын өмүрүн алды. Жүздөн ашык кишинин дайыны чыкпай жатат.

48 миң турак жай кыйрап, жарым миллиондой адам коопсуз жайларга көчүрүлдү. Баш калаа Коломбодон 70 чакырым алыстыктагы Ратнапура шаарында катуу жаандан кийинки сел суусунун деңгээли үч метрден ашты. Куткаруучулар дагы далай адамдар урандылардын алдында калган болушу мүмкүн дешет.

Бул 2004-жылы миңдеген адамдардын өмүрүн алган Инди океанындагы цунамиден кийинки ири кырсык болуп калды. Метеорологдор Бенгал булуңунда атмосфералык басымдын төмөндөшү Мора циклонун жаратканын, жаан-чачын алдыңкы 36 саатта да уланарын билдиришти.

XS
SM
MD
LG