Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:36

Трамп Германия менен АКШ ортосундагы соода алаканы сынга алды


Кошмо Штаттардын президенти Доналд Трамп жана Германиянын канцлери Ангела Меркел.
Кошмо Штаттардын президенти Доналд Трамп жана Германиянын канцлери Ангела Меркел.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп өзүнүн Твиттердеги баракчасына Германия менен АКШ ортосундагы соода алакасынын абалын сынга алды. Андан тышкары Трамп Германиянын коргонууга бөлгөн каражаты жана НАТОго кошкон салымы "аз болуп жатат" деген пикирин билдирди.

АКШ президенти бул анын өлкөсү үчүн жагымсыз экенин айтып, кырдаал жакында өзгөрөрүн кошумчалады.

Бир күн мурда Германиянын ички иштер министри Зигмар Габриел Трамптын саясаты "Батышты алсыратып жатканын" айткан. Ал эми канцлер Ангела Меркел АКШ менен достук мамиле маанилүү экенин белгилеп, ошол эле маалда эми ага “толук таянууга” болбой калганын, европалыктар “өз тагдырын” өз колдоруна алышы зарылдыгын билдирген.

Канцлер Меркел мындай эмоционалдуу сөзүн Сицилияда аяктаган “Чоң жетинин” саммитинин эртеси айтты. Италияга чогулган жети өлкөнүн лидерлери Париж келишими боюнча бир пикирге келе алган жок. Климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөштү күчөтүүнү көздөгөн 2015-жылы Парижде жетишилген келишимди талкуулоо өтө татаал өткөнүн Меркел дагы белгиледи. Ошондой эле лидерлер соода алакалары жана качкындар маселесинде дагы бир пикирге келе алышкан жок.

XS
SM
MD
LG