Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:59

Салянова шайлоо жөнүндө мыйзамды колдобоого чакырды


2016-жылдын 11-декабрында өткөн референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоодон тартылган сүрөт.
2016-жылдын 11-декабрында өткөн референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоодон тартылган сүрөт.

Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова кесиптештерине кайрылып, шайлоолор жөнүндөгү мыйзамга киргизип жаткан өзгөртүүлөрдү колдобоого чакырды. Эл өкүлү бул мыйзам демократиялык негиздерге каршы келерин белгиледи. Бүгүн Жогорку Кеңеш аталган мыйзамды үчүнчү окууда карап жатат.

“Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү 30-майда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети колдогон.

"Ата Мекендин" дагы бир өкүлү Наталья Никитенко да бул мыйзам эл аралык коомчулук алдында Кыргызстандын аброюн түшүрөрүн айтты.

Жогоруда аталган комитеттин төрайымы Асел Кодураңова мыйзам эч кимдин укугун бузбай турганын, кесиптештеринин чочулоосуна негиз жоктугун белгиледи.

Мыйзам долбооруна ылайык, саясий партиялардын жана коммерциялык эмес уюмдардын байкоочулары экиге бөлүнөт. Саясий партиялар дайындаган байкоочулар шайлоо участкаларында добуш берүү жүрүшүнө ээн-эркин көз салууга жана мыйзам бузууларды байкаса арызданууга укугу бар. Ал эми бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү добуш берүүгө алыстан гана байкоо салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Жарандык коомдун бул өзгөртүүлөргө укуктарды чектөө катары сыпаттап, нааразылык акцияларын өткөрүп келүүдө.

Мыйзам долбоорун сунуштаган депутаттар түрдүү фракция өкүлдөрү. Алар жарандык коомдун чочулоосуна негиз жоктугун белгилешүүдө. Авторлор муну менен "добуш берүүнү иретке салууну" көздөшкөнүн айткан. (SE)

XS
SM
MD
LG