Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:44

Өзбекстанда GM Uzbekistan автоунаалары кымбаттады

Ташкенттеги автобазар.
Ташкенттеги автобазар.

Өзбекстанда GM Uzbekistan компаниясынын автоунааларын улуттук валютада гана сатуу чечими кабыл алынгандан кийин алар 20 пайызга кымбаттады.

Компаниянын өкүлү 1-июндан тарта бардык автосалондордо унаалар сум менен сатыла баштай турганын билдирди. Мындай чечим президенттин токтомунан кийин кабыл алынган.

Өлкө президенти Шавкат Мирзиёевдин токтомуна ылайык, 2017-жылдын 1-июнунан тарта GM Uzbekistan компаниясынын бардык үлгүдөгү автоунаалары ички базарда жалаң гана улуттук валютада сатыла баштайт.

XS
SM
MD
LG