Тажикстанда президент Эмомали Рахмондун кайниси Амирулло Асадулло Курган-Төбө шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Бийликтин маалыматында ал "башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу” кызматтан кеткени айтылат. Анын ордуна Шахритус районунун төрагасы Абдуалим Исмоилзода убактылуу дайындалды.
Асадуллону мэрлик кызматтан бошотуу тууралуу президенттин жарлыгы расмий сайтка жарыялана элек жана анын мындан ары эмне иш менен алектенери белгисиз.
Амирулло Асадулло Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун жубайы Азизамо Рахмонованын иниси. Ал Курган-Төбө шаарын 2014-жылдан бери башкарып келген.