Жалал-Абад облустук патрулдук милициясынын кызматкерлери Көгарт дарыясына боюн таштаган 33 жаштагы келинди куткарып калышты. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна аялды суудан алып чыккан кызматкерлер кабарлашты.
30-май күнү кечки саат алты жарымдарда Ош-Бишкек жолунун Сузак участкасында күзөттө турган кызматкерлерге жүк ташуучу унаанын айдоочусу дарыя жээгинде өз жанын кыюуга аракет кылып жаткан келин тууралуу маалымдаган. Кызматкерлер Жанузак Мурзакулов жана Бекмамат Сапарбай уулу жээкте отурган келинди оюнан кайтарууга аракет кылган, бирок майнап чыккан эмес. Аял сууга боюн таштап жибергенден кийин тартип сакчылары артынан сууга секиришип, 30 метрден кийин куткарып алышкан. Алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, Сузак райондук ооруканасына жеткиришкен.
Алты балалуу келин үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам өз жанын кыюуга барганын билдирген. Окуяны учурда милиция териштирип жатат. (RsK)