Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:32

Парламент депутаттары Сарпашевдин ишине кызыгышты


Тайырбек Сарпашев "Азаттыктын" студиясында. 2012-жыл, декабрь.
Тайырбек Сарпашев "Азаттыктын" студиясында. 2012-жыл, декабрь.

Парламенттеги "Республика-Ата Журт" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов бүгун Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында өкмөттүн өкүлүнө кайрылып, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисине байланыштуу маселе эмнеге чечилбей жатканын сурады.

Бабанов быйыл майдан тарта бериле баштаган жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспортко байланыштуу эл арасында түшүнүксүз суроолор көптүгүн белгиледи:

- Бүгүнкү күндө эл арасында бул паспорт кереги жок экен деген сөз тарап жатат. Бул паспорт иш жүзүндө кандай колдонулат, почтага барабы, милицияга барабы? ИИМ, прокуратура кантип идентификация кылат? Азыр паспортту берүүнү токтотуп туруш керек. Ал жалгыз гана шайлоодо колдонулбайт. Экинчиден, өкмөттүн жетекчиси эмнеге Каттоо кызматынын башчысын ушул күнгө чейин иштен кетирбейт? Менде башка ойлор пайда болуп жатат. Шайлоонун оюндары жүрүп жатат. Башка жетекчи иштей албайбы?

Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисине байланыштуу ушундай эле суроону депутат Максат Сабиров да козгоп, Сарпашевдин ордуна эки айдан бери башка адамдын дайындалбай келатканы түкшүмөл ойлорго жетелерин айтты.

31-мартта Башкы прокуратура Тайырбек Сарпашевге Кылмыш кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча иш козгогон. Ал 2013-жылы вице-премьер-министр маалында Мамкаттоо кызматындагы тендерде жеңилген компаниядан туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарын сатып алууга уруксат берген деп айыпталууда. Убактылуу иштен четтетилген Сарпашев козголгон иш боюнча күнөөсү жоктугун, тергөө менен кызматташууга даяр экенин “Азаттыкка” айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG