Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:35

Жарандык активист Токтонасыровду милиция алып кетти


Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүгө, анын ичинде байкоочулар боюнча жаңы сунуштарга нааразылыгын билдирип пикетке чыккан
Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүгө, анын ичинде байкоочулар боюнча жаңы сунуштарга нааразылыгын билдирип пикетке чыккан

Бүгүн жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүгө, анын ичинде байкоочулар боюнча жаңы сунуштарга нааразылыгын билдирип Жогорку Кеңештин имаратынын алдына пикетке чыккан. “Азаттыктын” кабарчысы эки куурчак көтөрүп чыккан Токтонасыровду милиция алып кеткенин кабарлады.

Сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, саясий партиялардын жана коммерциялык эмес уюмдардын байкоочулары экиге бөлүнөт. Саясий партиялар дайындаган байкоочулар шайлоо участкаларында добуш берүү жүрүшүнө ээн-эркин көз салууга жана мыйзам бузууларды байкаса арызданууга укугу бар. Ал эми бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү добуш берүүгө алыстан гана байкоо салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Жарандык коомдун өкүлдөрү бул өзгөртүүлөрдү укуктарды чектөө катары баалап, нааразылык акцияларын өткөрүп келүүдө. (КЕ/BkA)

XS
SM
MD
LG