Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:04

Табият кырсыгынан жабыркаган айрым адамдардын насыясы кечилет


Кооптуу жайдагы ондогон тургундар көчүрүлүп, чатырларда жашап жатат.
Кооптуу жайдагы ондогон тургундар көчүрүлүп, чатырларда жашап жатат.

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Аюу-Сай аймагында жер көчкүдөн жабыркаган төрт адамдын банктагы насыясы кечилет. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн табият кырсыгынан жабыркаган жарандарга берилген жардамдарга арналган жыйынында РСК банкынын башкармалык жетекчиси Азизбек Оморкулов билдирди.

Мындан тышкары Чоң-Алайда жер титирөөдө жабыркагандар үчүн насыянын үч жылга чейин пайыздык төлөмүн токтотуу, мөөнөтүн жылдыруу сыяктуу жеңилдиктер берилди.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Акматов үй-жайы кулагандарга жеңилдетилген баада курулуш материалдары жеткирилип жатканын кошумчалады. Ошондой эле аларга жеңилдетилген насыя берүү маселеси каралат.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен РСК, “Компаньон” жана “Айыл банктын” өкүлдөрү табият кырсыгы болгон аймактарга барып, тургундардын абалы менен таанышып келген.

29-апрелде Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу-Сай айылында жер көчкү жети үйдү басып, 24 адам көз жумган.

3-5-майда болгон жер титирөөдө Чоң-Алай районунда, Баткен облусунун Кадамжай районунда ондогон турак жайларга жарака кетип, бир катар турак жайлар авариялык абалга кептелген. 700дөн ашуун адам чатырларга көчүрүлгөн. Аларга өкмөт мобилдик үйлөрдү берүүдө. (КЕ/KJ)

XS
SM
MD
LG