Орусия менен Сауд Арабия мунай өндүрүшүн кыскартуу боюнча келишимди кубатташып, бул макулдашуу дүйнөдөгү мунай баасын турукташтырууга жардам бергенин билдиришти.
Орус президенти Владимир Путин 30-майда Кремлде Сауд Арабиянын коргоо министри, мураскер ханзаада Мухаммед бин Салман менен жолукту.
Эки тарап өткөн жылы Кытайдагы биринчи жолугушууда мунай баасындагы төмөндөөнү токтотуу үчүн өндүрүштү кыскарта турууну макулдашкан.
Орусия менен ОПЕКтин (Мунай экспорттоочу мамлекеттердин уюму) мындай келишиминен кийин мунайдын бир баррелинин баасы 50 долларга чейин көтөрүлдү. 2016-жылдын январь айында бир баррель мунай 30 доллардан ылдый түшүп кеткен.