Ооганстандын баш калаасы Кабулдагы күчтүү жардыруунун курмандыктарынын саны кеминде 80 кишиге жетти. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги 350дөн ашык адам жаракат алганын билдирди. Ооган өкмөтү жарандарды кан тапшырууга чакырды.
Окуя Кабулдун президенттик сарай жана бир катар чет өлкөлүк элчиликтер жайгашкан аймагында таң эрте орун алган.
"Немис элчилигинин жанында автоунаа жарылды. Тегеректе башка маанилүү имарат жана кеңселер бар. Андыктан жардыруу кайсы тарапты бутага алганы белгисиз",-деди Кабул полициясынын басма сөз өкүлү Васир Мужахид.
Элчиликтин өкүлдөрү жаракат алганы же албаганы тууралуу маалымат жок. Бул чабуул үчүн азырынча эч бир тарап жоопкерчилик ала элек.