Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:14

Казакстанда жүргөн өспүрүмдүн ата-энеси милицияга кайрылбайт


Казак-кыргыз чек арасы
Казак-кыргыз чек арасы

Үч айга жакын дайынсыз жоголуп жүрүп Казакстандан табылган Кадамжай районунда жашаган Куттугали Парпиевдин ата-энеси окуяны териштирүү боюнча милицияга кайрылган жок. Бул тууралуу анын атасы Макамбай Парпиев "Азаттык" радиосуна билдирип, бирок күч органына эмне себептен кайрылбаганын айткан жок.

Кадамжай районунун Миң-Чынар айылында 11-класста окуган Куттугали Парпиев 18-февралда дайынсыз жоголгон. 21-май күнү атасына телефон чалып, Казакстанда бирөөнүн малын карап жүргөнүн билдирип, алып кетүүсүн суранган.

Ал ата-энесине унчукпай Бишкекке барганын, аны Ош базарынын айланасынан милиция кызматкери кармап, Таласка алып барып Казакстанга мал кайтарууга өткөрүп жибергенин айткан. Ата-энеси эч жерге арызданган эмес. (JsA)

XS
SM
MD
LG