Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:18

Назарбаев: Казакстанда саясий куугунтук жок


Нурсултан Назарбаев
Нурсултан Назарбаев

Президент Нурсултан Назарбаев Казакстанда саясий куугунтук жок деп билдирди. Ал Акмола облусунда саясий репрессиянын курмандыктарын эскерүү иш-чарасына катышып, Казакстанда адам укуктары менен эркиндиктери сакталарын, куугунтук курмандыктары жок экенин айтты.

Назарбаев Түндүк Африка аймагында башаламандык мамлекеттүүлүктү жок кылганын белгилеп, эволюциялык өнүгүү жолу менен гана алдыга жылууга болоорун кошумчалады.

Назарбаевдин бул билдирүүсү эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдарынын билдирүүлөрүнө каршы келет. Укук коргоочулар өлкөнү дээрлик 28 жылдан бери башкарып келе жаткан Назарбаевди эркиндикти чектейт деп сындап, өлкөдө саясий максатта түрмөдө отургандарды жүйө келтиришет.

Бүгүн Казакстанда Саясий респрессиянын курмандыктарын эскерүү күнү белгиленип жатат. Казакстанда кеминде 22 миң адам сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон.

XS
SM
MD
LG