Ысык-Көлдө жергиликтүү бийликтер жайкы эс алуу сезонуна карата пансионаттарды текшерип жатат. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Жыл сайын уюштурулуп келген текшерүүлөр быйыл 15-майда башталган жана 1-июлга чейин уланат. Талаптарга жооп берген пансионаттарга атайын паспорт берилет.
Облустук бийликтин эсебинде, аймакта 176 пансионат бар. Былтыр анын 12си талапка жооп бербейт деп табылып, иштөөгө уруксат берилген эмес. (AsM)