Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:04

Кабулдагы жардырууда эки казакстандык жабыркады


Кабулдагы жардыруу болгон район
Кабулдагы жардыруу болгон район

Ооганстандын баш калаасы Кабулдагы жардырууда Казакстандын эки жараны жараат алды. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ануар Жайнаков билдирди.

Маалыматка ылайык, жабыркаган эки казак жараны жардыруу болгон жерден 500 метр алыстыктагы мейманканада болгон. Алардын биринин башына, экинчисинин бутуна айнектин сыныктары тийген.

Ооганстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, бүгүн таң эрте Кабулдун борбордук бөлүгүндөгү немис элчилигинин жанында орун алган катуу жардыруудан кеминде 80 адам мерт болуп, 350дөн ашык киши жаракат алды.

XS
SM
MD
LG