Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:12

Жогорку Кеңеш шайлоо жөнүндө мыйзамды колдоду


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

“Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр парламентте колдоо таап, мыйзам үчүнчү окууда кабыл алынды. Бүгүнкү жалпы жыйында аны 106 депутат колдоп, 9 эл өкүлү каршы чыкты.

Жыйындын жүрүшүндө "Ата Мекен" фракциясынын өкүлдөрү Аида Салянова, Алманбет Шыкмаматов жана Наталья Никитенко мыйзам долбоору демократиялык принциптерге дал келбестигин, көз карандысыз байкоочулардын укугун чектей турганын белгилешти.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрайымы Асел Кодураңова мыйзам эч кимдин укугун бузбай турганын, кесиптештеринин кооптонуусуна негиз жоктугун белгиледи.

Ал эми жарандык активист Динара Ошурахунованын айтымында, жыйынга 78 эле депутат катышкан. Ал бул боюнча байкоочуларда видео далил бар экенин "Азаттык" радиосуна билдирди.

Мыйзам долбооруна ылайык, саясий партиялардын жана коммерциялык эмес уюмдардын байкоочулары экиге бөлүнөт. Саясий партиялар дайындаган байкоочулар шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жүрүшүнө ээн-эркин көз салууга жана мыйзам бузууларды байкаса арызданууга укугу бар. Ал эми бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү добуш берүүгө алыстан гана байкоо салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Жарандык коомдун өкүлдөрү бул өзгөртүүлөрдү укуктарды чектөө катары баалап, нааразылык билдирип келүүдө.

Мыйзам долбоорун сунуштаган депутаттар түрдүү фракциянын өкүлдөрү. Алар муну менен "добуш берүүнү иретке салууну" көздөшкөнүн айткан.

Өзгөртүү киргизилип жаткан мыйзам долбоорунда президенттик шайлоону быйыл 15-октябрда өткөрүү маселеси да каралган. (SE)

XS
SM
MD
LG