Кыргызстанда расмий каттоодо турган жумушсуздардын саны 192 200 кишини түзөт. Бул өлкөдө жумушсуздуктун деңгээли 7 пайызды түзөт дегенди билдирет. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Зууракан Каденова билдирди.
- Бизде жалпы экономикалык активдүү калктын саны 2 млн 544 миңден ашат. Иш менен камсыз болгондор 2 млн 352 миңден ашуун, ал эми жумушсуздардын саны 192 миң 200 адамды түзгөн. 7% ушундан келип чыккан.
“Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талкуулап жатып айрым депутаттар жумушсуздардын саны мындан алда канча көп экенин белгилешти. “Республика – Ата Журт” фракциясынын мүчөсү Кенжебек Бокоев өнүккөн Европа өлкөлөрүндө жумушсуздуктун деңгээли 5% түзөрүн айтып, Кыргызстанда иши жок жүргөн адамдарды аныктоо критерийлерин өзгөртүүнү сунуштады. (КЕ)