Жогорку Кеңеш быйылкы президенттик шайлоону 15-октябрда өткөрүүнү колдоду. Бүгүн "Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр үчүнчү окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү. Жыйынга катышкан 115 депутаттын 109у аны колдоду.
Ал эми жарандык активист Динара Ошурахунованын айтымында, жыйынга 78 эле депутат катышкан. Ал бул боюнча байкоочуларда видео далил бар экенин "Азаттык" радиосуна билдирди.
Мыйзамга ылайык, президенттикке талапкердин күрөөсү 100 миң сомдон миллион сомго чейин жогорулайт. Андан тышкары көз карандысыз байкоочулардын шайлоо маалындагы ыйгарым укуктары чектелет. Жарандык коом бул өзгөртүүлөргө каршылык билдирип келген.
Мыйзамды парламенттеги түрдүү фракциялардын депутаттары иштеп чыгышкан.
Президенттик шайлоо алгач 19-ноябрда өтөрү айтылган болчу. (SE)