Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Жапаров менен Чудиновдун кылмыш ишин депутаттык комиссия иликтейт


Акылбек Жапаров жана Игорь Чудинов
Акылбек Жапаров жана Игорь Чудинов

Бүгүн парламент жыйынында “Бир бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов депутаттар Акылбек Жапаров менен Игорь Чудиновго козголгон кылмыш иши боюнча тиешелүү органдардан маалымат угууну сунуш кылды. Ал бул маселени иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүү зарылдыгын айтты.

Жыйынтыгында эл өкүлдөрү эки депутаттын ишин 18-майда "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Канат Исаевге козголгон кылмыш иши боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссия кошуп карасын деген чечимге келишти.

Ал депутаттык комиссиянын курамыда “Кыргызстан” фракциясынан Дастан Жумабеков, Алмазбек Токторов, КСДПдан Төрөбай Зулпукаров, Мурадыл Мадеминов, Асел Кодуранова, Мухтарбек Айнакулов, "Республика-Ата Журттан" Талант Мамытов, Курманкул Зулушев, Бактыбек Райымкулов, “Өнүгүү-Прогресстен” Тынчтык Шайназаров, "Бир Болдон" Улукбек Ормонов, "Ата Мекен" фракциясынан Алмамбет Шыкмаматов бар.

Башкы прокуратура 29-майда Жогорку Кеңештин депутаттары, "Бир бол" фракциясынын мүчөлөрү Игорь Чудинов, Акылбек Жапаров баштаган бир нече адамга карата Кылмыш кодексинин "коррупция" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Аларга өкмөттү башкарып турган учурда өз жакындарына таандык ишканага мыйзамды бузуу менен мамлекеттен ссуда алып, аны төлөбөй жүргөн деген кине коюлууда. Бирок аталган депутаттар тагылган айыптарды четке кагып жатышат.(КЕ)

XS
SM
MD
LG