Москванын Люблинский райондук соту миллиардер Алишер Усмановдун оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйга каршы жазган арызын канааттандырды.
Сот Навальныйдын Коррупцияга каршы фондун Усмановду паракорчулукка күнөөлөгөн "Он вам не Димон" аттуу даректүү тасманы өчүрүүгө өкүм кылды.
Бул тасмада Алишер Усманов орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведевге кымбат хансарай белек кылганы айтылган.
Кечээги соттук териштирүүдө премьер-министр Медведевди күбө катары чакыруу тууралуу Навальныйдын адвокаттарынын өтүнүчү четке кагылган.