Линктер

дүйшөмбү, 19-февраль, 2018 Бишкек убактысы 02:18

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн балдарды коргоонун эл аралык күнүндө Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнө барат. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлагандай, Атамбаев аталган оорукананын жана рак илдетине чалдыккан балдардын абалы менен таанышат.

Бейтапканада дары-дармек жана дарыгерлердин тартыштыгы көйгөй жаратып келет.

Буга чейин быйылкы жылдын бюджетинен балдар онкологиясы бөлүмүнө химия терапия үчүн 9 миллион сом каражат бөлүнөрү айтылган.

Расмий маалымат боюнча ушу тапта Улуттук онкология борборунда 25 миң адам залалдуу шишик оорулары менен каттоодо турат, анын үч миңден ашууну балдар. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG