Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:00

Мародерчулук боюнча дагы бир адам кармалды


Бакиевдин Бишкектеги үйү, 8-апрель, 2010-жыл
Бакиевдин Бишкектеги үйү, 8-апрель, 2010-жыл

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети мародерчулук боюнча ишти тергөө уланып жатканын жана ага байланыштуу 1979-жылы туулган Тимур Оторбаев кармалганын кабарлады. Ал Кылмыш кодексинин 172-, 350-, 166-беренелери боюнча айыпталып (“турак жай, имараттарды өзүм билемдик менен ээлеп алуу”, “документтерди жасалмалоо”, “алдамчылык”), 2013-жылдан бери издөөдө жүргөнү айтылат.

УКМКнын маалыматына караганда, Оторбаев 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Турат Мадылбековдун баласы Э.Мадылбеков жана Т.Назаркулов деген жарандар менен бирге Бишкектеги Киев көчөсүндө жайгашкан Максим Бакиевге таандык имаратты мыйзамсыз ээлеп алууга катышкан. Ошондой эле Алексей Елисеевдин батирин жер тилкеси менен чогуу өзүнө жаздырып алган.

Биринчи май райондук соту 22-майда Оторбаевдин баш коргоо чарасын карап, тергөө аяктаганга чейин УКМКнын убактылуу кармоо жайына камоо чечимин чыгарган. Ал буга чейин Коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттикте иштеген. Ошондой эле экс-депутат Садыр Жапаровдун жардамчысы болгон.

Мародерчулукка байланыштуу УКМК экс-депутат Райкан Төлөгөновду марттын этегинде камакка алган. Февраль айынын этегинде “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев эки айга камакка алынган. Ага орус ишкери Леонид Маевский 2010-жылы "Мегаком" ишканасын сатып алуу үчүн бир миллион доллар бергенин айтып көрсөтмө бергени негиз болгон. УКМК Текебаевге "коррупция" жана "шылуундук" беренелери менен кылмыш ишин козгогон. Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлери жана "Ата Мекен" партиясы ага козголгон ишти бийликтин куугунтугу катары баалап келишет.

Апрель окуяларындагы талап-тоноочулукту депутаттык комиссия да иликтеп чыккан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG