Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:20

Депутат журналист Бабакуловдун макаласына баа берүүнү талап кылды


Ош, 11-июнь, 2010-жыл
Ош, 11-июнь, 2010-жыл

Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында айрым депутаттар улуттар аралык кастыкты козуткан адамдардын жоопкерчилигин күчөтүп, атүгүл жарандыктан ажыратууну сунушташты. Буга журналист Улугбек Бабакуловдун “Фергана.ру” сайтына жазган макаласы себеп болду. Эл өкүлү Айнуру Алтыбаева тартип коргоо органдары макалага баа бериши керектигин белгиледи.

- Азыркыга чейин каргашалуу июнь калабасында балдарын жоготкон аялдардын көз жашы тыйыла элек, жүрөктөрү ооруп турат. Журналисттин макаласы - чагым. Бул макала окуя болгон күнгө жакын жазылып жатат. Кыргызстанда эми гана тынчтык орноп келатат. Аны ушундай бир сөз менен бузуп коюуга болот. Тартип коргоо органдары мындай макалаларга көнүл буруп, баа бериши керек.

Депутат Мурадыл Мадеминов июнь коогасынан кийин тынчтык зор күч менен орногонун айтып, кастыкты козуткан адамдарды жарандыктан ажыратуу маселесин көтөрдү.

Журналист Улугбек Бабакулов эл өкүлдөрүнүн сынын чет кагып, айрымдар макаланын маанисин түшүнбөгөнүн “Азаттык” радиосуна билдирди.

- Мен социалдык тармактарда улуттар аралык мамилени козуткан пост, пикирлер жазылып жатат деп, ошолорду которуп жазгам. Ошого атайын кызматтар бөгөт койсо дейм. Мен ошол маселени көтөрдүм. Атайын кызматтар саясат менен алектенбей, ошол нерселерди да көзөмөлдөшү керек.

2010-жылдын июнь айында Ош, Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыгып, 442 адамдын өмүрү кыйылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG