Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:00

Мурдагы оппозиция лидери, Социал-демократиялык партиянын башчысы Зоран Заев кураган өкмөттү македон парламенти түн ортосунда бекитти. Андан соң Заев дагы премьер-министр катары ант берип, кызматына киришүүгө укук алды.

Жаңы премьер-министр экономикалык реформаларды жүргүзүү менен Македониянын Евробиримдикке жана НАТОго кошулуу аракеттерин тездетүүнү убада кылууда.

Жаңы өкмөттүн куралышы Македониянын 11 жыл бийликте турган улутчул VMRO-DRMNE партиясы башкаруудан четтеди дегенди билдирет. Бирок бул партиянын жактоочулары башкаруучу коалиция парламент төрагалыгына албан улутундагы саясатчыны дайындап, айрым министрлик кызматтардын да албандарга тийишине нааразы болуп келди.

Былтыр декабрдагы парламенттик шайлоодо экинчи орун алган Социал-демократиялык партия коалицияны албандардын эки чакан партиясы менен курап, парламенттеги 120 орундун 62син көзөмөлдөөгө жетишти.

Македония калкынын үчтөн бирин этникалык албандар түзөт. Улуттар аралык тиреш мурдагы Югославиянын бул республикасын да 2001-жылы жарандык согушка жакындаткан.

АКШ Мамлекеттик департаменти Зоран Заевди премьерликке келиши менен куттуктап, Вашингтон Македония реформаларды жүргүзүп, мыйзам үстөмдүгүн, соттун көз карандысыздыгын, басма сөз эркиндигин, өкмөттүн жоопкерчилигин чыңдоосуна жардам берүүгө даярдыгын билдирди. (UE)

XS
SM
MD
LG