Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:44

Кабулдагы ири жардыруу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек


Жардыруудан кийинки көрүнүш. 31-май, 2017-жыл.
Жардыруудан кийинки көрүнүш. 31-май, 2017-жыл.

Ооган борборундагы кечээги ири жана кубаттуу жардыруудан кеминде 90дой кишинин өмүрү кыйылып, 400дөн ашууну жаракат алган. Өкмөттүн маалыматына караганда, бомба катылган автоцистернаны жардыруудан өлгөндөр менен жаракат алгандардын көбү аялдар менен балдар.

Талибандын өкүлү Забихулла Мужахид алардын бул кол салууга тиешеси бардыгын четке кагып, талибдер эч бир бутасыз эле жайкын тургундарды жабыркаткан кол салууларды айыптарын айтып чыкты. Бирок Рейтер агенттигинин маалыматына караганда, Ооганстандын башкы чалгын мекемеси - Коопсуздук боюнча улуттук директорат жардырууну Талибанга байланышы бар "Хаккани" кыймылы уюштурган, бул Пакистан тараптан да жардам келген деген эсептейт. Ушундай эле ойду мурдагы ооган расмий өкүлдөрүнүн айрымдары да айтышты.

Коңшу Пакистандын өкмөтү болсо жардырууну “террордук чабуул” катары айыптап, Ооганстанга тилектештигин көргөздү.

Мурда Орозо айы учурунда да ири кол салууларга барган “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу эч нерсе айта элек. Бул топ быйыл эле Кабулдагы бир нече кол салуулар, анын ичинде март айында аскерий ооруканада 50 адамдын өмүрүн алган чабуул үчүн жоопкерчилик алган. (UE)

XS
SM
MD
LG