Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:05

Ысык-Көл облусуна караштуу Сары-Ой айылындагы "Асыл" пансионаты мугалимдерге берилет. Мурдагы лагердин ордуна 400 орундуу беш кабаттуу эс алуу жайынын курулушу келерки жылы башталат. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Сооронбай Жээнбеков аталган аймакка иш сапары менен барган учурда айтты. Ал учурда каражат маселеси такталып жатканын кошумчалады.

Пансионаттын жетекчиси Райхан Мамытова өкмөт “Асылды” мыйзамсыз алып жатканын жана сотко кайрыларын “Азаттыкка” билдирди.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнө караштуу Өрнөк айылындагы 225 орундуу жаңы мектептин ачылышына катышты. Мындан сырткары Балыкчы-Корумду жолунун курулушу менен таанышты. (КЕ/AsM)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG