Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:17

Кыргызстан менен БАЭ ортосунда визалык режим жөнөкөйлөштүрүлөт


Бүгүн Жогорку Кеӊеште Кыргызстандын өкмөтү менен Бириккен Араб Эмирлигинин өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык жана кызматтык атайын паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жана өз ара түшүнүшүү жөнүндө ратификациялык мыйзам долбоору каралды. Парламенттин маалымат кызматы билдиргендей, долбоор бардык фракциялардын макулдугу менен дароо үч окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Эгерде жогорудагы келишим ратификацияланса, Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмирлигинин дипломатиялык паспорту бар жарандары виза алуудан бошотулуп, ал өлкөлөрдүн аймагында 90 күнгө чейин визасыз жүрө алат.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 1171 адамга дипломатиялык паспорт берилген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG