Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Казакстанда маданият министрин сындаган актер соттолду


Тунгышбай Жаманкулов сот өкүмүнөн кийин. 1-июнь, 2017-жыл.
Тунгышбай Жаманкулов сот өкүмүнөн кийин. 1-июнь, 2017-жыл.

Алматынын соту белгилүү актер жана продюсер Тунгышбай Жаманкуловду анын фильмине бөлүнгөн каражатты максатсыз пайдаланып, уурдады деген айып менен үч жарым жылга шарттуу кести.

Ошондой эле 3,4 миллион теңге же 10850 АКШ доллары өлчөмүндө айып салып, беш жыл мамлекеттик мекемелерге кызматка алынуусуна да тыюу салды. Аны менен кошо айыпталган башка бир нече адам да шарттуу кесилди.

Жаманкулов өзү ага тагылган айыптарды мойнуна алган эмес жана кылмыш жоопкерчилигине тартылуусунун саясий жүйөсү бар деп эсептеп келүүдө.

Ал былтыр 2-ноябрда кармалып, 70 миллион теңге же 223 миң доллар уурдады деп айыпталган.

Кармалар алдында актер Казакстандын маданият министри Арыстанбек Мухамедиулы коррупцияга аралашканын ачык айтып чыккан.

Ал ошондой эле министрди сексуалдык ыдык көргөздү деп айыптаган бир нече аялга да колдоо көргөзгөн болчу.

68 жаштагы Жаманкулов 30тан ашуун фильмге тартылып, 1970-жылдары “Тамаша” деген сатиралык шоуда башкы каармандын ролун аткаруу менен таанылган. (UE)

XS
SM
MD
LG