Бул тууралуу “Вашингтон Пост” гезити жазып чыкты.
Басылманын маалыматына караганда, президент Дональд Трамптын администрациясы орусиялыктар былтыр декабрда чыгарылган дипломатиялык эки жайды кайра кайтарып берүү алдында турат.
Бул маселе эки жактын жогорку даражалуу дипломаттарынын ортосунда сөз болгон.
Бири Мэриленд штатында, экинчиси Нью-Йорк шаарынын сыртында жайгашкан ал жайлардан орусиялык кызматчыларды мурдагы президент Барак Обаманын администрациясы кетирген болчу.
Мындай аракет Орусиянын АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишкенине жана америкалык дипломаттарга одоно мамиле кылганына жооп чаралардын алкагында көрүлгөн.
Обама анда ошол жайлар чалгын жүргүзүү максатында колдонулганын билдирген.
Орусиянын расмийлери болсо андан бери ошол кыймылсыз мүлктөрдү кайтарып берүүгө чакырып жана бул эки өлкөнүн мамилеси оңолуусу үчүн зарыл шарттардын бири экенин айтып келген эле.
Эми “Вашингтон Пост” гезитинин жазганына караганда, Трамптын администрациясы апрелде Орусияга эгер ал Санкт-Петербургда АКШнын жаңы консулдугунун курулушун улантууга уруксат берсе, ал Мэриленд менен Нью-Йорктун сыртындагы кыймылсыз мүлктөрдү кайтарарын маалымдаган.
АКШнын Санкт-Петербургдагы консулдугунун курулушун Орусия Вашингтондун Украина боюнча санкцияларынан улам токтотуп койгон.
Бирок “Вашингтон Посттун” өз булактарына таянып жазганына караганда, мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон кийин орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушууда консулдуктун курулушу менен Орусиянын дипломатиялык жайларын байланыштырган эмес.
Тиллерсондун кеңешчиси болсо “Вашингтон Пост” гезитине Орусия менен АКШ бул маселе боюнча макулдашууга жете элек деп билдирген. (UE)