Орус президенти бүгүн киберчабуулдарга өкмөттүн эч кандай катышы жок деп ырастоо менен бирок орусиялык хакерлер өлкөнү сындагандарды патриоттук сезимден улам бутага алышы мүмкүндүгүн жокко чыгарбады.
Путиндин жогорудагы сөздөрү АКШда Орусиянын былтыркы президенттик шайлоого хакерлик жол менен кийлигишкени боюнча иликтөөлөр жана талкуулар уланып жаткан учурда айтылды.
Орус президенти бул тууралуу Санкт-Петербургдагы экономикалык форумдун алкагында эл аралык маалымат агенттиктеринин редакторлору менен жолугушуу учурунда билдирди.
Германиянын алдыдагы федералдык шайлоого Орусия хакерлери кийлигишет деген тынчыздануусу боюнча суроолорго жооп берип жатып, Путин “теоретикалык жактан бул мүмкүн, патриоттук сезимдеги хакерлер Орусия жөнүндө тетири сүйлөгөндөрдү бутага алышы мүмкүн”,- деп айтты.
“Ага катар биз буга өкмөттүк деңгээлде эч качан аралашкан эмеспиз”,- деп ырастады.
АКШда чалгын жамааты буга чейин президент Дональд Трампка былтыркы шайлоодо уттуруп койгон Хилларин Клинтондун беделин түшүрүү боюнча хакерлик жана пропагандалык аракеттерге президент Путин өзү көрсөтмө берген деген бүтүм чыгарган болчу.
Кремль мындай айыптарды такай четке кагып келет. (UE)