Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:56

Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы депутат Садыр Жапаровдун камакта жаткан 12 тарапташына байланыштуу ишти карады. “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун башчысы Азиза Абдирасулованын “Азаттыкка” билдиришинче, соттук отурумда жабырлануучу алты милициянын үчөө көрсөтмө берди. Алар кармалган 12 адамга доосу жок экенин билдиришкен. Эмки сот 8-июнга белгиленди. Анда калган жабырлануучулар жана күбөлөр суралат.

Садыр Жапаров 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жеткирилген. Ага "адам өмүрүнө коркунуч келтирүү", "барымтага алуу", "ээнбаштык", "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгону жарыяланган. Ошол эле күнү УКМК алдында топтолгон анын тарапташтары милиция менен тирешип, кармалган жүздөй адамдын ичинен 12 киши эки айга соттолгон. Арасында Садыр Жапаровдун баласы жана бир тууган агасы бар.

Жапаров 2013-жылы Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкка байланыштуу күнөөлөнүп жатат. Анын өзүнө байланыштуу сот 6-июнга белгиленген. (КE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG